Dergiler / Manas Journal of Social Studies / 2018 / Cilt: 7 - Sayı: 1
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 2017-ЖЫЛКЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ: “FACEBOOK” МИСАЛЫНДА
- Sayfa
- 381–402
- DOI
- —
Özet
Социалдык тармактар батыш өлкөлөрүндө 2008-жылдардан тартып саясий маркетингдин таасирдүү инструменти катары колдонулуп келе жаткандыгы белгилүү. Бул багыттагы изилдөөлөр дагы көбүнчө батыш өлкөлөрүнүн мисалында жүргүзүлүп келет. Ал эми, Кыргызстанда социалдык тармактарды саясий өнөктүктөрдө колдонуу салыштырмалуу жаңы тенденция болуп, бул багытта чектүү санда жарык кѳргѳн булактар бар. Бул изилдөөнүн негизги максаты, дүйнө жүзүндө эң популярдуу социалдык тармактардын бири болгон “Facebook” социалдык баракчасы 2017-жылкы президенттик шайлоого ат салышкан талапкерлердин саясий кампанияларында кандай деңгээлде колдонулгандыгына баа берүү болуп саналат. Биринчи жолку жыйналуучу маалыматтар талапкерлердин “Facebook” социалдык тармагындагы бѳлүшүүлѳрүнѳ мазмундук талдоо жүргүзүү аркылуу алынган. Изилдѳѳнүн жыйынтыктарынын негизинде “Facebook” социалдык тармагы саясий маркетингде альтернативдүү же кошумча инструмент эмес, салттуу инструменттер менен катар толук кандуу колдонула баштаганын айтууга болот.
Abstract
Social media is being used as an effective tool of political marketing since 2008 in western countries. In this regard, published papers are seem to concentrate on the western countries. The use of social media in political campaigns is a new trend in Kyrgyzstan, so there is a limited number of studies in this area. The main purpose of this research is to assess the use of the Facebook by candidates during 2017 presidential election in their pre-election campaigns. Primary data was obtained using content analysis of the candidates' posts on their Facebook pages. According to the results of the study, it can be said that the Facebook in political marketing began to be used at the same level with traditional tools, not as an alternative or additional tool.